Кызматтан бошотулган Каныбек Иманалиев: «Биз баштаган иштерди аягына чыгаргыла»

Кечээ, 7-сентябрда кызматтан алынган мурдагы билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кесиптештери менен коштошуп жаткан видеосу тарады. Анда ал өлкөдө билим берүү абалы өтө оор экенин айтты.

«Сиздер менен иштеген тагдырыма ыраазымын. Сиздерге үмүт, дем берейин деп келгем. Бере алдымбы же жокпу аны өзүңүздөр билесиздер. Кыргызстандын билим берүү абалы өтө оор. Аны 6 айда көтөрүш өтө кыйын. Бирок ошол 6 айда мага ишеним көрсөткөн президентке, Акылбек Жапаровго, парламентке, билим коомчулугуна баарыңарга чоң ырахмат. Бул менин өмүрүмдөгү унутулгус барактар. Ушуну менен бешинчи жолу мамлекеттик кызматтан жумуш которууга туура келүүдө. Сиздерден убада алгым келип жатат. Биз баштаган иштерди аягына чыгаргыла. Эң башкысы бизде иштеген кызматкерлердин профессионалдык квалификациялык деңгээли жетиштүү болуш керек», — деди ал.