«Кызы ыр окуп». Раззаков шаарындагы көчөлөрдүн бирине маркум чек арачы Равшан Муминовдун ысымы ыйгарылды

9-декабрь күнү 2019-жылдын 16-сентябрында чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон прапорщик Муминов Равшан Мурзахматовичтин ысымы Раззаков шаарынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылды.

Равшан Муминов атындагы көчөсүн ачуу аземине УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча аскер бөлүктөрдүн командирлери жана өздүк курамы, Республикалык жоокерлер энелери комитетининин Баткен облусу боюнча координатору, райондук, шаардык жергиликтүү жетекчилер жана маркумдун жакындары катышты.

Иш-чарада Муминовдун өмүр баяны, анын көрсөткөн эрдиктери окулуп, жетекчилер жана апасы тарабынан эскерүү сөздөрү айтылды. Кызынын өзү жазган атасына болгон сагыныч ырлары да окулду.

«Ошондой эле, 2021-жылдын 29-апрелинде болгон чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон прапорщик Юлдашов Бекзодбек Давлатбековичтин атынан өзү окуган Юрий Гагарин атындагы орто мектебине жаш чек арачы классы ачылды»,- деп айтылат маалыматта.