Кызыл-Кыя шаарында валерианка таблеткалары беш эсеге кымбаттады

Кызыл-Кыя шаарында Орусияда жасалган валериан экстракты таблеткалары 100 сомдон сатылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга жазып чыгышты.

«Мурда валерианка Кызыл-Кыяда 20 сомдон сатылчу. Учурда анын баасы 100 сомго чыгып кетиптир. 30 же 40 сомдон сатылса түшүнсө болот эле. Бирок дароо беш эсе кымбатташын кандай түшүнсө болот»,— деп жазышкан колдонуучулар.

Бишкектеги ири дарыканаларда да аталган таблетка тартыш болуп, көп жерлерде сатылбай эле. Бирок дары 15-20 сомдон сатылып келген.