Кызыл-Кыяда бир айдан бери дайынсыз болгон өспүрүм Бишкектен табылды

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 2008-жылы туулган Ф.А. эжесинин жашаган үйүнөн 4-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип, анын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул кыздын жүргөн жери аныкталган. Учурда дайынсыз жогологон кыз Бишкек шаарынан алынып келип, апасына тапшырылды.