Кечээ, 19-апрелде түнкү саат 22:59да Кызыл-Кыя шаарындагы Энгельс көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде балдар бекилип калгандыгын билдиришкен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Батирде 3 жаштагы наристе жана 8 жаштагы бир туугандар болгон. Ал жерге 2 куткаруучу атайын өрт өчүрүүчү унаасында чыгып, саат 23:12де балдарды аман-эсен жакындарына өткөрүп беришкен. Балдардын абалы туруктуу. Жабыркагандар жок.