Кызыл-Кыяда дайынсыз болуп жаткан кыз рейд учурунда табылды

Кызыл-Кыяда рейддин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарында 12-14-июль күндөрү балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жайкы каникул убагында оор жумушка тартылган өспүрүмдөрдү, кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында “Өспүрүм-Эмгек” аталышындагы иш-чара өткөрдү.

Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан Таштемир-Ажыборбордук базарында араба сүйрөгөн, кафе-ресторандарда, түнкү компьютердик клубдарда эмгектенип жаткан жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында түнкү-күндүзгү рейддерди уюштуруп, текшерүүгө алып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 3 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды. Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө  дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.