Кызыл-Кыяда менчикке өтүп кеткен 8,5 миллион сомдук жер кайтарылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясында жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан мурдагы балдар поликлиникасынын жер тилкеси Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан 2010-жылы сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жарандын жеке менчигине мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан жогоруда белгиленген сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө Кызыл-Кыя шаардык сотуна доо арыз келтирилип, баардык соттук инстанцияларда доо арыз толугу менен канааттандырылган. Аталган социалдык объектиге таандык болгон жер тилкени муниципалдык менчикке кайтаруу максатында шаардык прокуратура тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын мэринин наамына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, жыйынтыгында баасы 8 миллион 588 миң сомду түзгөн 4294 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алынды.