Кызыл-Кыяда үйдө бекилип калган наристе куткарылды

Бүгүн, 24-май күнү Кызыл-Кыя шаарында көп кабаттуу үйдүн батиринде эшик бекилип калган. Бул тууралуу саат 13:11де “101” кызматына маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматка ылайык, батирде эки жарым жаштагы наристе болгон.
Аталган дарекке ыкчам жетип барган куткаруучулар 4-кабатта жайгашкан батирге үйдүн чатыры аркылуу түшкөн. Терезе аркылуу кирген ӨКМ куткаруучулары наристени аман-эсен куткарып, апасына тапшырып беришти. Жабыркагандар жок.