Кызыл-Кыядагы базарда кичинекей кыз апасынан адашып кеткен

Кызыл-Кыяда жоголуп кеткен кызды милиция таап, ата-энесине өткөрүп берди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап жүрүп, Кызыл-Кыя шаарындагы Асаналиев көчөсүндө жайгашкан “Таштемир-Ажы” базарында бүгүн эртең менен саат 9:00 чамасында 4-5 жаштагы кыздын адашып калганын байкаган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 1-1,5 саат өткөндөн кийин Ош облусунун Ноокат районунун Салиева айылынын тургуну (кыздын апасы) милиция кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, кызын алып кеткен.