Кызыл-Омпол иштетиле турган болсо, уран кимдерге сатылат? Жапаровдун жообу

Кызыл-Омпол кенин 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Күчүбүз да, акылыбыз да жетет. Адистер жетишпей баратса чет өлкөлөрдөн эмгек акыга жалдап келебиз. Ар жылы 50дөй баланы Орусияга жиберип, адистикке окутуп келебиз. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабарга» берген маегинде билдирди.

— Кызыл-Омпол иштетиле турган болсо казылган уран кимдерге сатылат?

— Ким сураса сата беребиз. Бизге канчалык көп рынок болсо, ошончолук жакшы да. Бир гана торийди сатпайбыз, аны мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша келечек муун үчүн сактап коёбуз. Билесиңерби эмнеге? Келечекте урандын ордун торий басат. 2 тонна уран чыгарган электроэнергияны 1 кг торий чыгарган заман келет. Азыркы чыгып аткан электромобилдерге да келечекте литий эмес, торий колдонулуп калышы толук мүмкүн. Дүйнө ошого бара жатат. Ошондуктан торийди азыр сатып жибербестен сактап койсок. Кийинки муунга жеңил болот.