Кызыл зонада иштеген ак халатчандар митингге чыгышты

Бүгүн маянасын талап кылып Улуттук госпиталдын кызыл зонасында иштеген 30дай медициналык кызматкер Саламаттыкты сактоо министрлигине келишти. Алардын айтымында, соңку эки айдан бери ак эмгеги менен тапкан айлыгын ала албай келишет. “Коронавирус жуктуруп алган бейтаптар жаткан кызыл зонага 6-ноябрда кирип, 23-ноябрда чыктык. Ушул күнгө дейре убакытты созуп, маянабызды бербей жатышат”, — дешет митингге чыккандар.

Айлыгын төлөп берүүнү талап кылган ак халатчандарга Улуттук госпиталдын башкы врачынын орун басары келип, аларга маселе чечилгенин айтты. Анын айтымында, акча каражаты которулган.