«Кызыл зонада» иштеген дарыгерлерге тамак берилбей жатабы? Расмий жооп

Буга чейин социалдык тармактарда “кызыл зонада” иштеген медицина кызматкерлерине тамак-аш жетиштүү түрдө берилбей жаткандыгы боюнча маалымат тараган. Бул боюнча Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев жооп берди.

Анын айтымында, “кызыл зонада” иштеген кызматкерлер оорукананын бюджетинин эсебинен күнүнө үч маал тамактанып турат. “Медицина кызматкерлерине жакшы тамак берилбей ачка калып жатыптыр деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ошондой эле ыктыярчылардын да жардамына муктаждык жок”, — деди башкы дарыгер.