«Кызым «ата, мен сизди жакшы көрөм, айыгам деп жатты» дейт кызынан ажыраган SUPERTV’нын каарманы

Мындан 3 ай мурда биздин телеканал вагонду үй кылып жашаган Бакыт Жуманалиев аттуу жарандын тагдырын көрсөткөн. Анда каарманыбыз “Апам жана кызым ракка кабылган, жубайым жана дагы бир кызым башынан жабыркайт. Аларга тамак таап келип, кезек менен жуунтуп, карайм” деген эле.

Жуманалиев ошол видеодо көрсөткөн кызы бүгүнкү күнү тилекке каршы чарчап калганын айтат. Ошондой эле SUPERTV’га видеоматериал жарык көргөндөн кийин кайрымдуу адамдардан 15 миң доллар чогулганын, ага үй сатып алганын кошумчалады.

«Үй той бердик. Кызым ошондо келген коноктун баары менен коштошкондой болуп, жанына барып, учурашып, кучакташып жатты. Той бүткөндөн кийин ооруп жатам деди. Ооруканага алып бардык. Ал жерде 1 жума жатты. Химиотерапия алкагындагы дарыны куйганда кичине өзүнө келип, мени кучактап «ата, мен сизди жакшы көрөм, айыгам» деди. Анан эле «уктайм» деп калды. Жаткырдым. Буту жагына жатып, катуу уктап кетип, чочуп ойгондум. Кызымды карасам, оозунан көбүк ага баштаптыр. Дарыгерлерге жүгүрдүм. Келип мени бөлмөдөн чыгарышты. Жардам берүүгө аракет кылышты. Комага түшүп калды. «Ичеги-карыны жабышып калыптыр, боору чоңоюп кетиптир» дешти. 4 сааттан кийин чарчап калды», — деди ата.