Бул жолку каарманыбыз 30 жаштагы Камбар Шайымкул уулу. Ал майыптыгы бар кызын жалгыз багат. Жалгыз бой ата “жубайым кызым экөөбүздү таштап кеткен. Жалгыз калганымда ымыркайды багууда кыйналдым. Кызым көп нерсени түшүнө баштады. Мени жанынан чыгарбайт. Көчөдөн бейтааныш аялдардын арасынан апасын издей берет. Апасынын башка турмушу бар” дейт. Толугу менен видеодо.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: Мбанк: 0500 40 22 88
«Башында оор болду. Бөтөлкөдөн сүт иччү эмес да. Айлам кеткенде бөтөлкөнү төшүмө кармап берип жүрүп көндүрдүм. Апасынын сүрөтүн көрсө таанычу. Кичинекей болсо да билет экен. Кыз-келиндердин арасынан апасын издейт. Карындашым келгенде да «апа» деп эркелейт. Сагынат окшойт, болбосо мен 24 саат жанындамын да. Аны көрүп, «Кызымда эмне күнөө?» деп ойлоп кетем. Апасы 4 ай мурун келди. Кызым көкүрөгүнөн жыттап, сагынычын таратты. Азыр турмушка чыгыптыр.
Үйлөнөйүн дейсиң, бирок өгөйлөп койсо эмне болот деп кайра ойлоном. Ортодо чайналам да. «Кой» деп коём. Кызым кичинесинде үйлөнсөм балким, ал адамга эрте көнүп кетеби дейм. Азыр туугандар келсе да мени кызганат»,- деди ал.