«Кызым жатып калганда, күйөө балам жүз буруп кетти» дейт төрөттөн кийин кыймылсыз жаткан келиндин атасы

Замира Досалиева 29 жашта. Ал 2020-жылы операция жолу менен баласын жарыкка алып келип, ошондон бери өз алдынча сүйлөй, кыймылдай албайт. “Кызым ушундай абалга туш болгондо күйөө балам жүз буруп кетти. Бирок мен аны туура түшүнөм” деген анын атасы Жүрсүнбай Досалиев кызын эркелетет, тамак берет, кам көрөт. Кызынын жалгыз багуучусу болгон ата алар башынан өткөрүп жаткан тагдырды баяндап берди. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0776 10 17 67.

«Кызым футболка алганга «Ош базарына» барат. Ошол жерде соода-сатык кылган жигит кызымды көрүп калат. Ары-бери жагынан чыгып жатып, телефон номурун алат. 1 жумадан кийин сөйкө саларын айтышты. Жакшы жашашты. 1 жылдан кийин ушинтип калды. Кызым жатып калганда күйөө баламдын жүз буруп кеткени жаккан жок. Мен аны туура түшүнөм. Турмуштун сыноосуна туруштук бере алган жок. Баласын азыр күйөө балам карап жатат. 1-2 жолу келип, каралашып турду. Анан келбей калды. Жоро-жолдоштору пансионго былтыр ушул убакта 2 айын төлөп беришкен. Аны айтпасам болбойт. Мен операция болгондон кийин ойлонуп калдым. Мен каза болуп калсам, кызым эмне болот?» — дейт атасы.