«Кызым медик болом дечү». Ак-Сууда каза болгон 18 жаштагы кыздын атасы кайрылуу жасады (видео)

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 8-февралда 3 дарыгер жумуш ордунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан соң соттун чечими менен алар үй камагына чыгарылды.

Окуя боюнча милиция маалымат таратып, дарыгерлердин 18 жаштагы кыздын өлүмү боюнча кармалганын билдиришкен.

«Теплоключенка айылынын 51 жаштагы тургуну ичинин катуу оорушу жана кусуу менен 18 жаштагы кызын Ак-Суу районундагы борборго алып барган. Ошол күнү аны текшерген педиатр оорулуу менен сүйлөшүп, анын конокко барганын, ал жерде салат жегенин билген. Үйгө келгенде ал ооруп, кусуп, диарея башталган. Педиатр дары жазып берип, бейтапты үйүнө жөнөткөн. Эртеси күнү оорусу басылбагандыктан кайра дарыгерге алып барган. Аны анестезиолог-реаниматолог дарыгер караган. Ал да дары жазып, үйүнө жөнөткөн. 28-июль күнү тынымсыз ооругандыктан Ак-Суу райондук медициналык борборуна кайрадан кайрылышып, инфекциялык бөлүмдүн дарыгер ординатору текшерип, бейтапты аталган бөлүмгө жаткырышкан. 29-июлда кыздын оорусу күчөп, эсин жоготкон. Буга байланыштуу ал Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулган. 31-июлда бейтап республикалык ооруканага жеткирилип, 5-сентябрда каза болгон. Дайындалган соттук-медициналык экспертиза өлүм тамак-аштан ууланганын аныктаган. Дарыгерлердин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан жүргүзүлгөн», — деп айтылат милициянын маалыматында. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Теплоключенко айылынын тургуну, каза болгон 18 жаштагы кыздын атасы Абай Исмаилов менен байланыштык. Ал да окуя тууралуу айтып берди. «Биз тойго кафеге барганбыз. Ошол жерде кызым дасторкондо турган майонез менен салат жеген. Ал жерде жалгыз менин кызым ууланган жок. Башка ууланган 2 кишинин оорусу жеңил өткөн. Биз 26-27-28-июлда ооруканага кайрылып, 29-июлда саат 10:00дө Ак-Суунун реанимациясына түшүп калды, саат 14:00дө Караколдун реанимациясына которулду. Караколдун реанимациясында жатып, комага түштү. Бөйрөк иштебей, гемодиализ алды. Ал жерде кызым 3 сутка — 29-30-31-июль күндөрү реанимацияда жатты. Анан «кызымдын жоопкерчилигин өзүмө алам» деп жатып, Тез жардам унаасын чакыртып, Бишкекке котордук. Бишкекте кызым 36 күн реанимацияда жатты. Күндө  гемодиализ алып турду. Кан куюлуп жатты. ИВЛ-аппаратка кошулду. Реанимацияда жаткан күндөрү 3 жолу операция жасалды. 1-операцияда жоон ичегисинин 70 пайызын кесишти. 2-операцияда ичине кан куюлуп, дагы бир ичегиси алынды. 3-операцияда жоон ичегисин толугу менен кесип салышты. 3 жолку операциядан кийин кан басымы, сатурациясы түштү. 5-сентябрда каза болуп калды», — деди ал.

Атасынын айтымында, кызы «медик болом» деп жүрчү. «Кызым 11-классты бүткөндө, Медициналык академияга тапшырууга мүмкүнчүлүгүбүз жок эле. «Медик болом» дегенинен Караколдогу медициналык окуу жайга тапшырып, бюджеттик бөлүмүнө өткөн», — деди атасы.

«Дарыгерлердин кармалышы боюнча коомдо ар түрдүү пикирлер айтылып жатат» деген Исмаилов жубайы менен видео кайрылуу жасады.

Эгер экинчи тарап өз версиясын айткысы келсе, редакция чагылдырууга даяр.