«Кызым операция болгондо, кайдан да күрөшкө бердим деген ойлор кеткен» дейт Мээрим Жуманазарованын атасы

3-августта Мээрим 3-орун күрөштү. Жакшы утту. Беттешти айылда отуруп, бала-чака, туугандарым менен көрдүм. Укмуш эмоциялар болду. Кээде кубансаң, кээде көзүңөн жаш чыгат. Андай нерсени сөз менен жеткире албайт экенсин. Бул тууралуу Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болгон Мээрим Жуманазарованын атасы ошол эле учурда машыктыруусучу Дүйшөн Жуманазаров билдирди.

«Мээрим кичинесинде бир аз тентегирээк болчу. Күрөшкө катышкандан бери өзүнүн күчүн күрөшкө жумшап, азыр токтоо болуп калды. Айылда жүргөндө бардык жумушту жасачу. Ат да минчү, кээде букаларды да минип алчу. Бардык нерсеге жөндөмдүү болчу. Абдан сергек. Биз турганча жарым каптап алма терип келип койчу. Алманы аябай жакшы көрчү. Жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатка алып кетишкен. Ошол жактан колун чыгарып алган. 2019-жылы сентябрда биз Новосибирскке барып, колуна операция жасаттык. Абдан оор операция болду. Балаң ошентип кыйналып жатса, эмнеге күрөшкө бердим деген ойлор да кеткен. Кудайга шүгүр, ал жыл да өттү«,- деди ал.