«Кызым рактан химия алган соң жатып калды. Кудайдан суранып, күнү-түнү ыйлап жаттым» дейт 4 майыпты баккан ата

“Апам жана кызым ракка кабылган, жубайым жана дагы бир кызым башынан жабыркайт. Аларга тамак таап келип, кезек менен жуунтуп, карайм” дейт биздин бул жолку каарманыбыз Бакыт Жуманалиев. Ал 31 жашта. Мүмкүнчүлүгү чектелген 4 үй-бүлө мүчөсүн вагондо багып жаткан ал тагдырын айтып берди.

«Апам аты жаман ооруга чалдыккан. Аны дарыгерлер өлөт деп чыгарып беришкен. Элдик медицина менен жакшы болуп калды, бирок памперс кийет. Кызым да ракка чалдыкты. Дарыгерлер шишик чоң экенин айтып, 3-даражадагы рак дешти. 12 жолу химия алышыбыз керек. Азыр төрттү алдык. Кызымды да өлөт дешкен. Шишик жүрөккө жетип калыптыр деген. Мен ыйладым. Дарыгер менен сүйлөштүм. Ал «мен өзүм сайып, өзүм көзөмөлдөп берем, 6 саат сайылат, ошол учурда көтөрө алабы же жокпу көрөбүз» деди. Мен 6 саат эмнени гана ойлогон жокмун. Кызым да кыйналды. 6 саат өттү, химияны көтөрдү, бирок соолуп эле жатып калды. Ушинтип калабы деп күнү-түнү ыйладым. Кудайдан «кызымды кайрып берчи» деп суранып жаттым. Азыр эми 21 күн сайын химия алып жатабыз, «болбосо кайра өсүп кетет» дешет», — деди ыйлаган ата.