«Кызымдын мурдун классташ кызы сындырган». Соцтармакта эненин видеосу жайылды

Cоцтармакта Ноокат районундагы “Көк-Жар” инновациялык билим берүү комплексиндеги 10-класста окуган кыздын энесинин кайрылуусу тарады.

Анда Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Көк-Жар айылында 10-класста окуган кыздын апасы кайрылып, кызын анын классташ кызы сабап мурдун сындырганын айткан.

«Бул пикир келишпестик мурда эле башталган. Мурда кызым мугалимдерге кайрылган. Бирок алар тарабынан эч кандай көңүл буруу болгон эмес. Окуя болгон күнү да мугалимдер өз иш ордуларында болгон эмес. Мен мектеп директоруна, анын орун басарына, мугалимдерге нааразымын», — деген эне.

Райондук билим берүү мекемеси бул окуя боюнча кабардар экенин, ал 19-февралда болгонун билдирди. Окуядан кийин мектеп директоруна, анын тарбиялык иштер боюнча орун басарына, мугалимдерге сөгүш жарыяланган.