«Кызымдын ылай болгон сөөгүн жамгыр жууп кетиптир». Аксыдагы селде 6 жакынынан ажыраган Нурбек алардын акыркы күнүн айтып берди (сүрөт)

12-июлда Аксыда сел жүрүп, суу 8 адамды алып кеткен. Алардын ичинен 6 адамдын жансыз денеси табылган. Ал эми 5 жаштагы бала менен 3 жаштагы кыздын сөөгү дайынсыз болуп жаткан. Кечээ, 14-июлда 3 жаштагы Фатиманын жансыз денеси табылып, сөөгү жакындарына өткөрүп берилди. Ал эми 5 жаштагы Айдардын сөөгү дагы деле табыла элек. Ошол эле күнү сел алып, каза болгондордун алтоо бир үй-бүлө мүчөсү экени маалым болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бир учурда апасы, карындашы, эки жээни, эки кызынан ажыраган Нурбек Шайыбеков ошол күнкү окуяны айтып берди. Анын айтымында, жамгыр саат 19:00 менен 20:00 ортосунда жаай баштаган. Заматта эле сел жүрүп кеткен. Жакындарына барып, жардам берүүгө да үлгүргөн эмес. «Ошол күнү эртең менен жубайым ооруканага кеткен. Мен үйгө чөп алып келип, түшүрөм деп калгам. Апам тоого жакын жашачу. Карындашым, эки кызым, эки жээним апамдардыкына кеткен эле. Эки үйдүн аралыгы жөө баскан адамга жарым эле сааттык жол болчу. Жамгыр жаай баштаганынан эле, жолго чыгып, апамдардын үйүн көздөй жөнөдүм. Шаркыраган суунун үнү угулду. Барсам үйдүн ордунда эч нерсе калбаптыр, жердин баары жайнаган таш. Ошентип бир заматта Перизат, Фатима деген кыздарымдан, апамдан, карындашым Бермет, Адилет жана Айсезим атуу жээндеримден айрылып калдым», — деди ал.

Ал мындан тышкары, жакындарынын сөөгүн издөө жана аны табуу азабын айтып берди. «Апамдын, карындашымдын, бир кыз, эки жээнимдин сөөгү ошол эле күнү, 13-14 чакырым алыстыктан табылды. Фатима кызымдын сөөгү табылбай жатты. ӨКМдин кызматкерлери да келип, издешти. Ал күнү кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө иштерин токтотушту. Эртеси күнү таң заардан туруп, өзүм айылдагы туугандарды чогултуп, издей баштадым. Туугандар кызымдын сөөгүн табышты. Биз кызым жаткан жерди буга чейин деле издегенбиз. Бирок көрбөптүрбүз. Кечинде жаан жаап кеткендиктен анын ылай денесин жамгыр жууп кеткен экен. Аппакай денеси сел агызган ылайлардан чыгып калыптыр. Ошентип, кызымдын да сөөгүн таап жерге бердик», — деди Нурбек Шайыбеков.