«Кызын көргөнү барып жатат». Жалал-Абадда ташталган ымыркайдын абалы айтылды

Жалал-Абаддагы таштанды таштоочу жайга таштап кеткен жаңы төрөлгөн кызды апасы ооруканага барып, көрүп жатат. Бул тууралуу 24.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов билдирди. Анын айтымында, кыз айына жетпей төрөлгөн, азыр балдар ооруканасында жатат, абалы нормалдуу. 

Каарманбек Байдавлетов кошуналар кыздын ымыркайды таштап кеткенин көрүп, баланы алып кетип, Тез жардам чакырышкан. «Апасы төрөттөн кийин ооруканада текшерилген. Баары жакшы болчу. Мага айтылгандай, ал ооруканага барып, кызын көрүп жатат», — деди ал.