«Күзүндө той!». Журналист кыздын колун жигити өзгөчө сурады (видео)

Өлкөдөгү жергиликтүү каналдардын биринде журналист кыздын колун сүйүктүүсү өзгөчө жол менен сурады. Видеону журналист Азамат Тынаев өз баракчасында жарыялады.

Журналист Айдай Ташыбекова суфлёрдон текст окуп жаткан маалда «сиз турмушка чыгууга макулсузбу?» деген жазуу чыккан. Дал ушул маалда студияга кыздын сүйүктүүсү кирип келип, колун сураган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Айдай Ташыбекова менен байланышканыбызда, окуя күтүүсүз болгонун айтып, той күзүндө экенин айтты.

«Окуя 11-августта мен күндөгүдөй эле эфирге чыгып жатканда болду. Анан текст өзгөрүп кеткенин байкап, дароо токтоп калдым. Оператор «редактор өзгөртүп койгон, окуй бер» деди. Улантып окуй бердим. Күтүүсүз болду. Экөөбүз бир жарым жыл сүйлөштүк. Кесиптеш болчубуз. Азыр ал башка жакта иштейт. Мурун менде мындай сезимдер такыр болгон эмес эле. Аябай толкундандым. Ошол күн, мүнөттөр эч качан унутулбайт. Той буюрса күзүндө»,- деди ал сезиими менен бөлүшүп жатып.