Лавров: «Орусия АКШга Кыргызстандагы аскер базасын чогуу пайдаланууну сунуштаган эмес»

Орусия АКШга Оогандагы абалды көзөмөлдөө үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы аскер базаларын бирге пайдаланууну сунуштаган эмес. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Интерфакс» басылмасына билдирди.

Анын айтымында, Москва региондогу аскер базалары аркылуу алынган маалыматтар менен бөлүшүүгө даяр. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык күчүнүн бир бөлүгү болгон базаларга америкалыктарды кантип чакырабыз? Биз ЖККУнун аскер күчүнүн бир бөлүгү болгон базаларга союздаштарыбыздын макулдугу жок эч кимди чакыра албайбыз», — деди Лавров.

Буга чейин «Коммерсант» гезити Москва Вашингтонго Афганистандагы абалды көзөмөлдөө үчүн Тажикстан менен Кыргызстандагы аскер базаларын чогуу колдонууну сунуштаганын жазган.