Лейлек районуна гумжардам алып бара жаткан 18 жаранды атып кетти деген маалымат — фейк

Лейлек районуна гумжардам алып бара жаткан 18 жаранды атып кетти деген маалымат — фейк. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн социалдык тармактарга “Лейлек районуна гумжардам алып бара жаткан 18 жаранды тажик тарап атып кетти” деген туура эмес маалымат таркап жатат. Бул маалыматты тактаганыбызда жалган маалымат болуп чыкты. Баткен, Лейлек РИИБде мындай маалымат катталган эмес.

Урматтуу жарандар, социалдык тармактарда жарыяланып жаткан ар бир маалымат далилдүү фактыларга негизделиши керек. Туура эмес, такталбаган маалыматтарды таркатуудан алыс болуңуздар!» — деп жазылат маалыматта.