Лейлек районуна жаңы суу сактагыч куруу пландалууда

Lat.: S 23 12 32 Long.: W 49 14 18,31 Alt. metros: 551

Баткен облусунун Лейлек районуна жаңы суу сактагыч куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, бюджеттен суу сактагычтын долбоордук-сметалык документациясын даярдоого 10 миллион сом бөлүндү. Кармышаков ошондой эле чек ара заставаларын оңдоп-түзөө үчүн каражат бөлүнүп жатканын кошумчалап кетти.