Лейлекте 10 жылдыктар 3 кызы менен жашаган жалгыз бой энеге үй куруп беришти (сүрөт)

Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылынын 1995-жылы туулган жигиттери көп жылдан бери 3 кызы менен жашаган жалгыз бой энеге жаңы үй куруп беришти.

10 жылдыктардын белегин тапшыруу аземине Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары, райондун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Кулунду айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, Кулунду айылдык кеңештин төрагасы катышып, жаңы үйлүү болуп аткан Сапия Урустамовага белектерин тапшырып, демөөрчү жигиттерге рахматын айтышкан.