Лейлекте 20 жылдыктар жардамга муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди

Лейлек районунун Катыраң айылында 1986-жылы туулуп, мектепти бүтүргөнүнө быйыл 20 жыл болгон тургундар каза болгон досунун артында калган балдарына заманбап, бүт шарты менен үй куруп беришти.

Мектепти 20 жыл мурда аяктагандарга жергиликтүү тургундар ыраазычылык айтышууда. Айыл арасындагы элди ыймандуулукка, биримдикке чакырган мындай жакшы саамалык улана берсин деген каалоо-тилектер айтылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жаңы турак жайлуу болушкан үй-бүлөгө белектер тапшырылды.