Лейлекте милиционерлер 4 жашар кызга биринчи жардамды көрсөтүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Раззаков шаарында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү менен жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү Ак-Босого айылында коомдук тартипти камсыздап жүрүп, 4 жашар кыздын мурдуна мончок тыгылып, кыйналып жатканын көрөт. Кичинекей кызга биринчи жардамды көрсөтүп, Раззаков шаарындагы райондук ооруканага алып барып, дарыгерлерге көрсөтүп, кайра үйүнө жеткирип коюшкан.
Кыздын энеси милиция кызматкерлеринин иш-аракетине ыраазы болуп, ыраазычылыгын коомчулукка билдирип коюуну өтүндү.