Лейлекте бензин ташуучу унаалардын жүргөнү боюнча УКМК үн катты

УКМК журналист Уланбек Макканбаевдин 27-августта Лейлек районунун Кулунду аймагында күйүүчү май ташыган унаалардын эркин кыймылы жөнүндө видеого тартып социалдык тармактарында таркатылган видео материалына байланыштуу маалымат таратты.
«Видеодо белгиленген күйүүчү май ташуучу унаалар «Кыргызнефтегаз» ААКсына таандык болгон, аталган унаалар Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы «Кайрагач» бөлүгүндө тиешелүү түрдө нефть өндүрүү боюнча өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан. Буга ылайык, өндүрүлгөн мунайды ташуу максатында аталган ААКтын унаа колонналары «Кочкор-Ата шаары Жалал-Абад облусу – Жаңы-Жер айылы Лейлек району – Кочкор-Ата шаары Жалал-Абад облусу» аймактарына каттап жүрүп турушат. Ошол эле учурда азыр жалпы Лейлек районунун төмөнкү зонасында 12 май куюучу станция иштейт (Кулунда зонасы — 11, Арка зонасы — 1), бул күйүүчү жана майлоочу майлар жергиликтүү калктын муктаждыгы үчүн Ош жана Бишкек шаарларынан күйүүчү май ташуучу унаалар менен да жеткирилет. Жолдордо жүрүп бара жаткан күйүүчү май ташуучу унаалардын негизинде Лейлек районунун аймагында ири өлчөмдө күйүүчү-майлоочу май ташылып жатат делген жаңылыш деп эсептелинет», — деп жазылат маалыматта.
УКМК кыргыз-тажик чек арасында аткезчиликке каршы күрөшүү иштери улантылып жатканын, ыкчам мобилдүү топтор жана посттор (анын ичинде сакчылардын күчтөрүн тартуу менен), анын ичинде Исфана-Баткен-Ош багытында бараткан бардык жүк ташуучу унааларды тиешелүү көзөмөлдөө үчүн Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында иштеп жатышканын билдирет. УКМК Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында ушундай мүнөздөгү чагымчыл жана башка билдирүүлөрдү таратуу үчүн жоопкерчилик караларын эскертет. Ошондой эле журналисттерди, блогерлерди, активисттерди коомчулукту адаштырбоого, УКМКнын күчтөрү менен каражаттарынын көңүлүн спекуляцияларды жана ММКдагы жасалма маалыматтарды дайыма четке кагууга бурбоого чакырат. Ошол эле учурда, коопсуздук органдарынын көңүлүн бурууну талап кылган ишенимдүү маалымат болгондо, мыйзамда каралган чараларды көрүү үчүн дароо кабарлап, ошону менен аткезчиликке каршы күрөштө колдон келген жардамды бериңүүздөрдү суранат.