Лейлекте имамга унаа белек кылышты (сүрөт)

Баткен облусуна караштуу Лейлек айылындагы Лейлек мечитинин имамы Марат Кубатбек уулуна аталган айылдын жашоочулары Honda Stream үлгүсүндөгү унаа белек кылышты.

«Айылдык имам Марат жаш болгонуна карабастан дин исламга кызмат кылып, жаш муундарга Куран үйрөтүү жаатында алгылыктуу иштерди аткарууда. Анын шакирттери Куран жаттоо боюнча ар кандай кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келет. Ал эми имам эмгегин баалап, унаа белек кылган айыл элине, жамаатына жана ишкер тургундарга терең ыраазычылык билдирди», — деп айтылат маалыматта.