Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

4-апрелде Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тез медициналык жардам аркылуу 2004-жылы туулган Н.Д. аттуу бейтап (аскер кызматкери) жол-транспорт кырсыгынан жабыркап түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Ал өтө оор абалда шашылыш түрдө Лейлек районунун ЖДПБсына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бейтапка жабык баш мээ жаракаты, баш мээнин оор даражадагы жабыркашы, субарахноидалдык кан куюлуу деген диагноздор коюлган.

Аскер кызматкерине медициналык жардам көрсөтүү маселеси президент Садыр Жапаров тарабынан жеке көзөмөлгө алынган. Саламаттыкты сактоо министрлигине зарыл болгон бардык чараларды көрүү, анын ичинде бейтапты адистештирилген медициналык мекемелерге которууну уюштуруу тапшырылган. Ыкчам тартипте дарыгерлердин консилиумдары өткөрүлүп, ошондой эле травматологдордун, невропатологдордун жана нейрохирургдардын катышуусунда дистанциялык консультациялар (ВКС) уюштурулган. Санитардык авиация аркылуу Ош шаарынан нейрохирург жана анестезиолог-реаниматолог жөнөтүлүп, алар адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүгө жана операция жүргүзүүгө катышкан.

Учурда бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда, ал жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата профилдик адистердин катышуусунда кошумча консилиум өткөрүү пландалууда. Абалы турукташкан учурда бейтапты андан аркы дарылоо үчүн үчүнчү деңгээлдеги медициналык мекемелерге которуу маселеси каралат.

Бейтапты ташуу медициналык көрсөткүчтөргө байланыштуу чектелген жана анын абалы турукташкандан кийин гана мүмкүн болот. Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов бул маселени туруктуу көзөмөлүндө кармап турат.