Лейлекте жолдо жаткан баштыктан 61,8 миң сом табылган. Ал ээсине кайтарылды

Жоголгон сумкадагы акча өз ээсине тапшырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Лейлек РИИБге 27-апрель күнү эртең менен саат 06:00дө жолдун четинде баштык жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Милициянын майору Зулпидин Аширов айтылган дарекке барып, сумканы алып ичинде 61 миң 800 сом бар экендигин байкайт. Ошол замат сураштырып отуруп, сумканын ээси ким экендигин аныктайт.

Сумканын ээси Раззаков шаарынын тургуну Ош шаарына жөнөп жатып, сумкасын жолдо түшүрүп койгондугу тастыкталат. Ал милиция кызматкеринин бул эмгегине ыраазы болуп, акчасын алып, батасын берди.