Лейлекте Кыргыз жана Тажик делегацияларынын жолугушуусу аяктады

Бүгүн, 13-апрелде саат 11:00дө башталган Лейлектин Селкана жерлигинде эки өлкөнүн делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусу аяктады. Анда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен сүйлөштү.

Бир жарым саатка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтык боюнча Баткен облусунун башчысы төмөнкүлөрдү билдирди: «Жолугушууда тараптар буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сүйлөштү. Жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча күчтөр, аскердик техника артка кайтарылууда. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Чек ара тилкесинде эки өлкөнүн милиция кызматкерлери биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзөт. Чек арага жакын айылдардагы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Учурда чек арада абал тынч».