22-декабрда Лейлек районунун Максат-Жаштык унаа жолунун тилкесинде Тажикстандын чек арачылары тарабынан Кыргыз жаранына карата курал колдонуу фактысы боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушууда тажик тарапка окуянын хронологиясы жана орду көрсөтүлгөн. «Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тажик аскер кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамсыздыгын жана алардын курал колдонуусунун мыйзамсыздыгын толугу менен моюнга алышты. Тажикстандын чек ара өкүлдөрү мындай ашынган фактыга жол берген Тажикстандын УКМКсынын чек арачылары жоопкерчиликке тартылаарын билдиришти. Аталган окуя Тажикстандын Аскер прокуратурасы тарабынан териштирилет», — деп айтылат маалыматта.
Тараптар окуя боюнча бир тараптуу иликтөө жүргүзүүнү макулдашкан. Мындан тышкары, жакынкы арада тараптардын чек ара заставаларынын жетекчилери менен эки өлкөнүн чек арачыларынын мамлекеттик чек арадагы жүрүм-турум линиясында биргелешкен машыгуулар өткөрүлөт. 23-декабрга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.
Кечээ, 22-декабрда кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курал колдонуу болгон. Анда КамАЗ унаасы менен Максат-Жаштык унаа жолунда бара жаткан Кыргыз жаранга Тажик чек арачылары ок чыгарган.