Лейлекте милиция 76 жаштагы аялдын жоготкон акчасын таап берди (видео)

Лейлек милициясы 76 жаштагы эненин жоготкон акчасын таап берди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

10-апрель Орозо айт күнү Лейлек районунун Катраң айылынын 76 жаштагы тургуну Назакат Максутова Раззаков шаарындагы базарда кол сумкасындагы 10 миң рубль жана 3 миң сомун жоготуп коюп, 11-апрель күнү базарда кызмат өтөгөн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө кайрылат.

Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү ошол замат иликтөө иштерин жүргүзүп, эненин жоголгон сумкасын акчасы менен кошо таап берип ыраазычылыгын алды.