Лейлекте милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Лейлекте милиция кызматкерлери тарабынан эки элдин ортосундагы чыңалуу жөнгө салынууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагына караштуу Максат айылынын, Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарындагы жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында кыргыз-тажик өлкөсүнүн ортосундагы Канибадам жолунун боюнда күнү-түнү кайгуул күзөттөр уюштурулуп, милиция кызматкерлери элге түшүндүрүү иштерин алып барууда.

Ошондой эле, эки тарап тең кошумча күч каражаттарын туруктуу жайгашкан жерлерине алып чыгуу боюнча көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүдө. Азыркы убакта бул аймакта абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.