Лейлекте оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
8-январь күнү Раззаков-Ош унаа жолунун 330-чакырымында Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасын токтотуп коюп, арткы сол жак дөңгөлөгүн текшергени барган учурда дөңгөлөк кокусунан жарылып кетип, жаран оор абалда Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жетпестен жолдо каза болгон.
Бул факты Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.