Лейлекте тажик аскерлери күйүүчү май ташыган унааны аткылашты (видео)

Лейлек районунун Максат айылында тажик аскерлери ок чыгарды. Маалыматты айыл башчы Кубат Нышанов тастыктады.

Анын айтымында, тажик аскерлери күйүүчү май ташыган унааны аткылашкан. «Алар күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусуна ок чыгарышкан. Себебин азырынча билбейбиз. Мунун баары Кыргызстандын аймагында болгон”, — деп белгиледи ал.

Чек ара кызматы азырынча кырдаал боюнча комментарий бере элек.