Лейлекте тажиктер тарабынан Кыргыз жараны кармалган. Аны мекенге кайтаруу чаралары көрүлүп жатат

21-октябрда Лейлек районунун Сада аймагына жакын жерде Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Кыргыз жараны 1997-жылы туулган Айдарбек Хайдаровду кармашкан.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалыматтар боюнча, Хайдаров мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда. Ал Тажикстандын аймагында атасы жашаган Пахтакор айылында кармалган. Аны мекенине кайтаруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки жолу сүйлөшүүлөр, ошондой эле эки республиканын Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин деңгээлинде жолугушуулар өткөрүлгөн. УКМКдан маселе жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин, кыргызстандык жаранды мекенине кайтаруу чаралары көрүлүп жатканын билдиришти.