Лейлекте тургундар тарабынан Тажикстандан келген аялдардын тобу кармалды (видео)

Баткен облусунун Лейлек районунда Тажик жарандары кармалышты. Алар Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады. Маалыматка караганда, Тажикстандан бир нече аял чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Кулунду айыл аймагынын талааларында иштеп жүрүшкөн.

«Биз аларды Ак-Арык айылынан кармадык. Аларды Кыргыз жараны өзүнүн Портеринде салып келген. Тажик аялдары жыл сайын кыргыз айылдарынын талааларында кошумча акча табышат. Бирок быйыл жаңжалдан кийин кыргыз-тажик чек арасы толугу менен жабылган. Тажикстан чек аранын сүрөттөлгөн чегинен кокустан өтүп кетсе дагы, ар бир кыргызстандыкты кармайт. Ал эми биздин милиция кызматкерлери көздөрүн жумуп жатышат”, — деп билдиришти элдик кошуундун өкүлдөрү.

Бул боюнча УКМКнын Чек ара кызматына кайрылганыбызда, окуя териштирилерин айтышты.