Лейлектеги Интернационал айылынын аялдары Садыр Жапаровго ыйлап кайрылышты (видео)

Социалдык тармактарда Лейлек районундагы Интернационал айылынын аялдарынын Садыр Жапаровго кайрылган видеосу тарады.

«Бүгүн, 6-октябрь, кечээ 5и болчу. Биз чек арада отурабыз. Мен губернаторго да кайрылат элем. Аскерлерди коюп беришсин. Кечээ да биз жакка ок атылды. Биз чек арага жакын жерде талаада иштешибиз керек. Кышкыга жыйым-теримди жыйнашыбыз керек. Тажикстандын чек арачылары бизге тийишишет. Биз эгинибизди жыйнай албай жатабыз. Бизге көңүл буруп койгула. Биз жакка да аскерлерди коюңуздар. Биздин үйлөр да талкаланган», — деди ыйлаган эне.