Лейлектеги мектеп жетекчиси вакцина алган соң көз жумганбы? Министрдин жообу

Бүгүн, 4-сентябрда «Биринчи радионун» эфиринде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарандардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

Эфирдин жүрүшүндө чалуу болуп, андагы аял киши Лейлек районунун Сүйбүл айыл өкмөтүндөгү тажик тилдүү мектептин директору вакцина алган соң, 1 сааттан кийин каза болуп калганы айтылып жатканын билдирди. «Тажик тилдүү мектептин директору вакцина алгандан кийин 1 саатка жетпей көз жумду. Вакцина алып жаткан учурда кан басымы жогору экенин айтыптыр. Балким, сайбай эле коёсунар десе, укпай коюшкан экен», — деди ал.

«Сиз айткан маселени мен бүгүн текшерем. Лейлек районуна өзүмдүн орун басарымды жөнөттүм. Аны бир күн калып, бул маселени карап келсин деп айтам. Себеби биздин штабга андай маалымат түшкөн жок», — деди ал.