Лейлектин чек ара аймактарында кыргыз-тажик күзөттөрү жүрүп жатат

Лейлектин чек ара аймактарында мал уурулукту алдын алуу үчүн кыргыз-тажик күзөттөрү жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кулунду айыл аймагындагы Сада участкасында жана Максат айылдарында кылмыштуулукту алдын алуу, мал уурулуктарга жол бербөө, ошондой эле коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында Кулунду айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери эки багытка бөлүнүп, чек ара тилкелеринде кыргыз-тажик милициясынын биргелешкен кайгуулдары жүргүзүлүп жатат.

Эки өлкөнүн биргелешкен кайгуулдары жыл башынан бери 4 жолу тажик-кыргыз араздашуусунун алдын алган, ошондой эле кыргыз тарап эки жолу тажик тарапка кирген малын өткөрүп алып, бир жолу тажик тараптын малын аларга өткөрүп беришкен.

Кулунду айыл аймагынын Сада жана Максат айылдары Тажикстандын Согди облусунун Гафуров району менен чектешет.