Лекция эмес… Акаев Кыргызстанга пенсияга чыккандан кийин кайтам дейт

Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаев пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга кайтууну пландап жатат. Бул тууралуу ал орусиялык басылмаларга билдирди.

«Азырынча ал-күчүм бар, Москва мамлекеттик университетинде эмгектенүүнү улантам», — дейт ал.

Кечээ, 27-июнда Аскар Акаев Екатеринбургдагы Урал мамлекеттик экономикалык университетинде лекция окуган.

Анын май айында Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайларында окуй турган лекциясы коомчулукта нааразычылык жаратып, кийин билим берүү министри лекциялар өтпөй турганын билдирген болчу.