Ленин округу боюнча шайлоо. Саат 10:00гө карата 2060 киши добуш берди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 10:00гө карата шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымдайт.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын катышуусу: 2060 шайлоочуну түздү, башкача айтканда шайлоочулардын жалпы санынан 1,62%.

Шайлоо участоктордун дарегин төмөнкүдөй билүүгө болот:

— 1255 же 119 телефондору аркылуу;

— 119 номерине PIN — паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен, (акысыз);

— https://tizme.gov.kg/ сайтынан

Борбордук шайлоо комиссиясы сиздерди шайлоого активдүү катышууга жана Ленин районунан өлкөнүн парламентине татыктуу депутатты шайлоого чакырат!