Ленин округу боюнча шайлоо. Саат 12:00гө карата 5389 киши добуш берди

28-май саат 12:00гө карата шайлоочулардын 4,31 пайызы добуш бергенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Бул 124 908 шайлоочудан 5389 адамды түзөт.

Бүгүн Бишкекте Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.