Ленин округу боюнча шайлоо. Саат 16:00гө карата 11 104 киши добуш берди

28-май саат 16:00гө карата шайлоочулардын 8,89 пайызы добуш бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Бул 124 908 шайлоочудан 11 104 адамды түзөт.

Бүгүн Бишкекте Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.