Ленин округу боюнча шайлоо. Саат 18:00гө карата 13 484 киши добуш берди

28-май саат 18:00гө карата шайлоочулардын 10,80 пайызы добуш бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Бул 124 908 шайлоочудан 13 484 адамды түзөт.

Бүгүн Бишкекте Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.