Ленин округу боюнча шайлоо. Үгүт иштери 21-августтан башталат

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого катышуу үчүн катталган талапкерлердин үгүт иштери 21-августта башталат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, каттоо 20-августта аяктайт. Шайлоо күрөөсү 13-августтан кечиктирилбестен төлөнүшү керек, ал 100 миң сомду түзөт.

Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.