Ленин округундагы шайлоо: добуш берүүчү жайдан тышкары жерден 86 жаран шайлады

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн түзүп берүү өтүнүчү менен 113 шайлоочудан арыз түшкөн.

Алардын арасынан:

• улгайгандыгына байланыштуу — 7;

• майыптыгы барлар — 19;

• ооруп жаткандыгына байланыштуу – 53;

• Башка категорияларга киргендер — 34.

Алардын арасынан:

86 — шайлоочу (76, 10%) добуш берди.

27 — шайлоочу (23, 90%) добуш берген жок.